Уиллистин үйүн 17 миллион долларга ким сатып алат?

 Уиллистин үйүн 17 миллион долларга ким сатып алат?
27-Янв. 2018, Ишемби, 14:23

62 жаштагы актер Брюс Уиллис Нью-Йорктун борборунан эки жыл мурда сатып алган батирин сатыкка койду. Атактуу актер батирди 12,75 миллион фунт стерлингге (болжол менен 17 миллион доллар) сатып жатат.

Айта кетсек, Брюс Уиллис бир нече жыл мурун сатып алган бул үй 1923-жылы салынган. Кызыктар болгон адамдарды үйдүн бай тарыхы гана эмес, коопсуздугу да кызыктырат. Себеби үй күнү бою кайтарылат. Актердун батиринде алты уктоочу бөлмө, төрт жуунучу бөлмө, ашкана, конок бөлмө, китепкана бар. Ошону менен бирге, батирдин терезелеринен шаардын жана Борбордун сейил бактын кооз көрүнүшү ачылат.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!