​Чолпон Талипбек жакында жаңы долбоорду алып чыгат

​Чолпон Талипбек жакында жаңы долбоорду алып чыгат
27-Янв. 2018, Ишемби, 15:22

“Non Stop” музылкаык дуэтинин солисткасы Чолпон Талипбек алдыдагы пландары тууралуу жергиликтүү сайттардын бирине маек курду. Чолпондун айтымында, жакынкы күндөрү бир долбоордун үстүнөн иштеп жатат.

Азыркы учурда “Non Stop” дуэтине улан-кыздарды тандап алууда онлайн-кастинг өткөрүп жатабыз. Жаңы курам түзүлө элек. Максат экөөбүз 8 жылдан бери иштеп келдик. Бул убакыт аралыгы бизге жетиштүү болду деп ойлойм. Көп нерсени окуп, билип калдык. Мен үчүн чоң мектеп болду. Биз жакында жаңы кызыктуу долбоордун үстүнөн иштеп жатабыз. Жакынкы күндөрү долбоор тууралуу кененирээк маалымат бермекчибиз. Азырынча эч нерсе деп айтпай турайын”,-деди Чолпон.

Эскерте кетсек, Non Stop дуэти дээрлик 7 жылдан бери сахнада өз өнөрлөрүн тартуулап келишет. Өткөн жылдын декабрь айында топтун солисттери Чолпон менен Максат топтон кетип, жаңы курамга кастинг жарыялашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!