Рианна кош бойлуубу?

Рианна кош бойлуубу?
30-Янв. 2018, Шейшемби, 12:54

"Грэмми-2018" сыйлыгынын талкуу жараткан каармандарынын бири Рианна болду.

Сахнада мыкты деңгээлде ырдап чыккандыгы үчүн гана эмес, ал «Мыкты рэп-аткаруучусу» номинациясы боюнча ээ болду. Ошондой эле, ал ар бир аткаруусунда бир нече образ алмаштырып, ичинин чыгып калганы көрөрмандарыдын көзүнө учураган.

Ырчынын фигурасы өзгөргөнүн мурда эле байкалган. Бирок күйөрмандары аны толуп кетти деп ойлошкон жана азыр 29 жаштагы Рианни кош бойлуу экенин талкулашууда.

Рианна ушул жана башка бул сыяктуу жеке жашоосуна катыштуу ушактарга эч кандай билдирүү берген жок. Ырчы чындыгында кош бойлуу болсо баланын атасы, азыркы жигити- Сауд Арабиясынын миллиардери Хассан Джамил болушу мүмкүн деп божомолдошууда. Эки жаш бир жарым жылдан бери кыз жигит болуп сүйлөшүп жүрүшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!