“Искушение” бийчилери кайрадан Бишкекте

“Искушение” бийчилери кайрадан Бишкекте
31-Янв. 2018, Шаршемби, 11:27

Санкт-Петербургдун жалаң жигиттерден куралган “Искушение” бий театры “Признание в любви” деген аталыштагы жаңы программасын Бишкектеги көрүүчүлөргө тартуулашат.

Кече 2 саатка созулуп, 3-4-февралда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат.

Буга чейин бий театры дүйнөнүн 300дөн ашуун шаарына театралдык шоу тартуулаган. Миллионго жакын адамдар өнөрлөрүнө күбө болушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!