Джоли балдарына Парижде экскурсия уюштурду

Джоли балдарына Парижде экскурсия уюштурду
1-Фев. 2018, Бейшемби, 15:48

БУУнун ыктыярдуу элчиси Анджелина Джоли жана Франциянын хан айымы Брижит Макрон Елисей сарайында качкындар маселесин талкуулашты. Жолугушунун жүрүшүндө актриса алты баласы менен бирге сейилдеп убакыт өткөрдү.

Кездешүүнүн уюштуруучусу америкалык актриса болду. Ал Брижит Макрон менен сириялык кычкындар тууралуу маселени талкууды. Аңгемелери бир саатка созулуп, сүйлөшүү англис тилинде өттү.

Мындан сырткары, Джоли жана Макрон билим берүү жана аялдарга карата зордук-зомбулук маселелерин ортого салышты.

Кездешүүнүн алкагында актриса алты баласы менен келген атактуу эне болуп убакыт өткөрүштү. Актрисаны кезиктирген шаар тургундары кубанып жатышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!