​Айгерим: “Айтпаса экен” деген ырды сындагандар көп

​Айгерим: “Айтпаса экен” деген ырды сындагандар көп
1-Фев. 2018, Бейшемби, 16:57

Жакында эле жаңы жылга карата ырчы Гүлнара Кахарова менен Айгерим Расул кызы чогуу “Айтпаса экен” деген ырга дуэт ырдап чыгышкан. Ушундан соң соцтармактын колдонуучулары Айгеримдин ырдаганын сынга алышты. Көп өтпөй ырчы сынадрга жооп кайтарган.

“Акыркы убакта социалдык тармактарда Гүлнара Кахарова эже экөөбүздү “Айтпаса экен” деген чыгарманы аткарганыбызды салыштырып сындагандар көбөйдү. Тобоо чоң-кичүүнү салыштырган эмне деген заман? Айланайындар, эч ким жарышып жаткан жок мен жакшы ырдадым деп! Биринчиден, Гүлнара эже чоң эле эже, мен кызы менен эле теңмин. Эне-баланы, улуу-кичүүнү кантип салыштырасыңар? Уят! Экинчиден, ни кто не спорит 100% Гүлнара эженин аткаруусуна оригиналга эч кимдин аткаруусу жетпейт жана Кыргызстанда Гүлнара эженикиндей үн жок. Үнү эксклюзив эч кимдикине окшобойт! Коңур үнүн, диапазонунун кенендигин айт, ырды каалашынча созуп, ийине жеткирип, майын чыгарып кыйналбай ырдайт. Чындыгында мыкты аялзат, жети баланын баатыр энеси, үй-бүлөсүн баардыгынан жогору койгон төгөрөгү топ келген айым. Кыскача айтканча, Гүлнара эже үлгү алчу айым. Үчүнчүдөн, “Айтпаса экен” оңой чыгарма эмес аны алы жеткендер гана ырдай алат. Экөөбүз дуэт жаздырганда менин аткаруум Гүлнара эжеге жаккан үчүн, сага жарашат экен ырдай бер деп өзү уруксаат берген. Унчукпай койсо менин деле оюма келбейт болчу жеке ырдап чыкканга. Учурдан пайдаланып Гүлнара эжеге мени колдогонуна терең ыразычылык билдирем. Ошондой эле ырдын автору: Гүлжигит Сатибековко, сөзүн жазган Жыпара Исабаевага чоң рахмат! Төртүнчүдөн, мен болушунча ырды бузбай, эженин тональностьту менен аткарганга аракет кылдым. Аны түшүнгөндөр билет. Мен ошого Гүлнара эже менен бир сахнага чыгып ырдаганыма сыймыктанам!” – деп билдирүү жасады Айгерим Расул кызы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!