“Калифорния” тасмасы жарык көрдү

“Калифорния” тасмасы жарык көрдү
2-Фев. 2018, Жума, 14:23

Бишкекте “Калифорния” деген аталыштагы кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү. Бул тууралуу тасманын режиссеру Дастан Мадалбеков Zaman.kgге билдирди.

Анын айтымында, тасманын бет ачаары 30-январда Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө көрсөтүлдү.

“Тасма – рэпке кызыккан жаш москвалык бала тууралуу. Анын ата-энеси Кыргызстандан келген мигранттар, бирок каарман Москвада төрөлүп, чоңойгон болот. Бала Калифорнияга кетүүнү эңсейт, бирок атасы “баласын Мекенине кайтарууну” каалайт”,-деди ал.

Учурда Дастан Россиянын мамлекеттик киноматография институтунда окуп жатат.

Көрүүчүлөрдүн бири Жеңишгүл Тоголбекова “Калифорния” деген тасмада азыр коомдогу маселени көрсөткөнүн айтат.

“Кыргыздын улуттук баалуулуктарынын бири тарбия. Тасмада абдан ойлондурчу маселени козгогон. Дастандын ар бир киносунда элине болгон сүйүүсү, сыймыктануусу чагылдырылат. Ар дайым позитивдүү көз караш менен жаштар түшүнгөндөй көйгөйдү чагылдырган”,-деди ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!