Самара Каримова катышкан драма сынга кабылды

Самара Каримова катышкан драма сынга кабылды
2-Фев. 2018, Жума, 15:59

15-17-февралда Оштогу Султан Ибраимов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында драматург, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин калемине таандык “Илегилек” драмасы коюлат. Билет баасы 750 сомдон турат. Бирок, социалдык тармактын колдонуучулары билет баасына нааразы.

Журналист Баян Кулова: “Самара өзүнүн деңгээлин өтө кымбат баалайт да жерде жүрүп. Бир спектаклдин баасы 750 сом деген эмне шумдук, уялсаңар боло кичине! Султан аке, спектаклдерге лөктөр барбайт, мага окшогон спектакль көрбөсө тура албагандар эле барбаса. Сиздин мындайыңыз жок эле го, чыныгы күйөрмандар көчөдө калат эми”,-деп жазды.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги учурда билет баасын териштирип жатат.

Белгилей кетсек, “Илегилек” спектакли улуу муун менен жаш муундун көз караштары, баалуулуктарынын кагылышы тууралуу баяндайт. Буга чейин бул драмада башкы каармандын ролун КРнын эл артисти Жамал Сейдакматова ойногон эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!