Айсулуу Токомбаеванын 70 жылдык мааракеси

Айсулуу Токомбаеванын 70 жылдык мааракеси
3-Фев. 2018, Ишемби, 12:13

СССРдин эл артисти, балет артисти, бийчи Айсулуу Токомбаеванын 70 жылдык юбилейи Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун атынан, министрдин кеңешчиси Алдакулов Тургунбай Абдрасулович чыгып сөз сүйлөдү. Иш чарага Айсулуу Токомбаеванын жакындары жана ошондой эле анын чыгармачылыгын баалаган инсандар келишти.

Юбилейлик кече опера жана балет театрынын артистеринин коштоосунда өттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!