​“Ромео жана Жульетта” спектакли көрсөтүлөт

​“Ромео жана Жульетта” спектакли көрсөтүлөт
7-Фев. 2018, Шаршемби, 17:15

14-16-февралда жана 2-9-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында “Ромео жана Жульетта” романтикалык спектакли көрсөтүлөт. Бул тууралуу театрдан Zaman.kgге билдиришти.

"Ромео жана Жульетта" Уилям Шекспирдин өз карьерасынын башталышында жазган трагедиялык чыгармасы. Анда бирин-бири сүйгөн жаштардын өлүмү алардын айыгышкан үй-бүлөлөрүн бириктиргени жөнүндө баяндалат. Бул Шекспирдин көзү тирүү кезинде Гамлет менен катар эң таанымал жана эң көп коюлган спектаклдеринин бири болгон. Бүгүнкү күндө башкы каармандар жаш сүйүшкөн түгөйлөрдүн баштапкы үлгүсү катары каралат.

Билеттер төмөнкү дарек аркылуу сатылууда: Бишкек шаары Абдрахманов 135, сурап билүү телефону 0555 029 177, билет баасы 400, 600 жана 800 сомдон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!