Джим Керри Россия үчүн “Facebook”тан кетти

Джим Керри Россия үчүн “Facebook”тан кетти
8-Фев. 2018, Бейшемби, 09:24

Актер Джим Керри “Facebook” тармагынан чыкты. Голливуддун актеру бул кылыгы менен Россиянын 2016-жылы өткөн АКШдагы президенттик шайлоого аралашуусуна нааразычылыгын билдирүү чечимин кабыл алган. Бул тууралуу ал “Twitter”деги баракчасына жазган.

«Мен “Facebook”ка өзүмдүн акцияларымды сатам жана өз баракчамды өчүрүп жатам. Себеби бул компания биздин шайлоого Россиянын аралашуусунан акча тапты жана бул жагдайды оңдоо үчүн эч нерсе кылган жок», - деди Керри.

Ошондой эле, ал келечекти ойлогон башка дагы инвесторлорду андан үлгү алуусуна үндөдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!