​“Браво 2” тасмасынын бет ачаары өткөрүлдү (фото)

​“Браво 2” тасмасынын бет ачаары өткөрүлдү (фото)
8-Фев. 2018, Бейшемби, 17:42

Кечээ, 7-февралда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде шоу-бизнестин жашоосун баяндаган, ырчы Нурмат Садыровдун чыгармачылык жолун чагылдырган "Браво 2" тасмасынын бет ачаары болду. Ага эстрада жылдыздары, "тамашоучулар" жана көптөгөн кино сүйүүчүлөр катышты.

Тасмада башкы ролду ойногон Нурмат Садыровдун айтымында, кинодо кызыктуу окуялар менен сүйүү сезимдери баяндалат.

“Тасмада роль жаратуу көптөгөн жоопкерчиликти талап кылып, ошол эле учурда жагымдуу сезимдерди тартуулайт экен. Бул кинокомедия, «Браво» тасмасынын уландысы, шоу бизнестин ысык-суугун, продюсер менен ырчынын ортосундагы мамилени сүрөттөйт. Эч тайманбаган Шамалдин хит ырларын, кызыктуу окуяларын жана албетте сүйүү сезимдерди камтыган «Браво-2» тасмасы эми сиздердин сыныныздарда”,-деди ырчы.

Белгилей кетсек, тасма бүгүнтөн баштап бардык кинотеатрларда көрсөтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!