“Spice Girls” тобу дүйнөлүк тур уюштурат

“Spice Girls” тобу дүйнөлүк тур уюштурат
9-Фев. 2018, Жума, 10:37

Белгилүү “Spice Girls” тобунун кыздары биригүүнү пландап жатат. Жана ошондой эле, жай айынын аягында Улуу Британия жана АКШда бир нече концерт берүүнү пландашууда. Бул тууралуу "КорреспонденТ" сайты “TMZ” маалымат булагына таянып билдирет

Билдирүүгө таянсак, өткөн жумада топтун беш ырчы кызынын катышуусунда мурунку менеджер Саймон Фуллер менен кездешип, турне уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн.

Басылма, бул топ концерттерди пландоону баштады жана ар бир мүчөсү турга кызыгуучулук билдиргенин жазат. Бирок, поп-группа жаңы ырларды жаздырууну башташа элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!