Ерке Есмахан кийген көйнөгүн аукционго койду

Ерке Есмахан кийген көйнөгүн аукционго койду
10-Фев. 2018, Ишемби, 14:20

Казакстандык белгилүү ырчы Ерке Есмахан сахнага кийип чыккан көйнөгүн сатып, андан түшкөн акчага муктаж адамдарга берет. Бул тууралуу ырчы Instagram баракчасына жазды.

"Мага кызмат өтөп болгон сахнага кийип чыккан көйнөктөрүм топтолуп калды. Аларды сатып алууну же белеке берүүмдү сураган кыздар көп. Бирок, аукционго коём деп чечтим. Бул көйнөктөр арзан эмес. 500 миң теңге. Андыктан муктаж адамдарга баарыбыз жардам берсек кандай болоор экен? Көйнөктөн түшкөн акчанын баарысы муктаж адамдарга берилет. Дизайнер Наиль Байкучуковден алынган сахнага кийген көйнөгүмдү алгачкы аукционго койдум. Баштапкы баа 30 миң теңге. Аукцион качан аяктаарын өзүм айтам”,-деди ырчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!