​“Азия MIX” Ташкентте өз өнөрүн тартуулады

​“Азия MIX” Ташкентте өз өнөрүн тартуулады
12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 17:44

Кыргызстандын "Азия MIX" командасы Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте 10-11-февраль күндөрү өткөрүлгөн “Достук кубогуна” катышты. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.

Аталган таймаш “Саламдашуу”, “Музыкалык сынак” жана "Разминка" сынактары менен коштолуп, жалпысынан 3 команда өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Белгилей кетсек, “Достук кубогу” -Өзбекстандын Жаштар бирикмеси жана КВН командалары ассоциациясы тарабынан негизделген шайырлар жана тапкычтар оюну. Анын уюштуруучулары бул жолугушуу өзбек-кыргыз мамилесин бекемдөөгө салым кошот деген ишенимде.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!