Аскат Мусабеков концертке даярдык көрүүдө

Аскат Мусабеков концертке даярдык көрүүдө
14-Фев. 2018, Шаршемби, 18:26

Комуздун коштоосунда бир катар чыгармаларды аткарып жүргөн белгилүү ырчы Аскат Мусабеков айымдардын майрамына карата концертин тартуулайт.

Ырчы азыркы учурда жаңы ырларды жаздырып, клип тартууда.

"8-март айымдардын майрамына карата Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жеке чыгармачылык концертимди тартуулаганы турам. Учурда концертке даярдык иштерин көрүп жатам. Күйөрмандарыма жаңы ырларды дагы тартууламакчымын”,-деди Аскат Мусабеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!