Бейонсе Джей Зини кайсы атактуудан кызганды?

Бейонсе Джей Зини кайсы атактуудан кызганды?
15-Фев. 2018, Бейшемби, 12:02

Жакында гана Джей Зи менен Бейонсенин мамилеси тууралуу сөздөр тынчыгандай болгон. Бирок, Бейонс жана Джей Зинин досу америкалык актриса Тиффани Хэддиш алардын арасында болгон чыр-чатак тууралуу айтып берди.

Тиффани "Uncensored" теле программасынын эфиринде билдиргендей, эки жуптун ортосундагы түшүнбөстүк Джей Зинин аты аталбаган актрисага көз салганынына улам келип чыккан. Анда Джей Зи кечелердин биринде белгилүү актрисага көз салып, аны менен флирт кылган. Бул Бейонско жаккан эмес.

“Бейонстун буга карата реакциясы тез болду. Ал актрисанын жанына барып: «Колуңду күйөөмдүн көкүрөгүнөн ал!» - деген. Андан кийин ал актриса менен сүйлөшүп, дагы бир нерсе болду. Бирок, мындан ары эч нерсе айта албайм”,- деди Тиффани.

Мындан башка эч нерсе айтпаган Тиффани баарын ойго салды. Аты аталбаган актриса ким болду экен? Болгону белгилүү актриса экенин гана белгилеп өткөн Тиффани.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!