Энистон күйөөсү менен ажырашууда

Энистон күйөөсү менен ажырашууда
16-Фев. 2018, Жума, 16:08

“Актёрлор Дженнифер Энистон жана Джастин Теру эки жыл бирге жашагандан соң ажырашууда”,- деп жащат “Associated Press”. Бул чечим былтыркы жылдын аягында эки тараптан тең бирдей көтөрүлгөн.

Жылдыздардын маалыматы боюнча, Теру жана Энистондын ажырашуусу жеке-жеке каралат. Бирок алар “спекуляцияга” жана ар түрдүү ушак-айыңдын чыгуусуна каршы, ошондуктан алар журналисттерге «чындыкты түз» айтып турууну тура көруштү.

Буга чейин ММКы "эки жуптун мамилеси кризиске учурап жатат",- деп маалымдалган. Ошондой эле, Энистон Mалибуда 49 жашын белгилеп жаткан учурда күйөөсү Нью-Йорк шаарында болгон.

Энистон жана Теру 2011-жылы достошуп сүйлөшө башташкан, андан төрт жыл өткөндөн кийин 2015-жылы үйлөнүшкөн. Ал эми 2000-2005-жылдары актриса Брэд Питтин жубайы эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!