​Айбек Каримовдун үйүнө уурулар кирди

​Айбек Каримовдун үйүнө уурулар кирди
16-Фев. 2018, Жума, 16:50

Эстрада ырчысы Айбек Карымовдун үйүнө ууру кирип, баалуу буюмдарын жана травматикалык тапанчасын уурдап кеткен. Бул тууралуу ырчы өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында 2017-жылы 5 жолу ууру кирген. Ал эми ушул жылдын башында дагы бир жолу үйүнө ууру кирип, азыркыга чейин табыла элек.

“Мен бир жылдары ички иштер министрлигинин ансамблин жетектеп, милиция кызматкерлеринин маданий иштерин тейлеп, аз да болсо мекен, эл, жер үчүн ак кызмат өтөп, милиция кызматкерлери менен эриш-аркак иштеп жүрүп жарым-жартылай милиция болуп калган окшойм. Азыркыга чейин милиция кызматкерлерине жан тартып турам. Алардын түйшүгүн сезип турам. Өз учурунда кыргыз милициясынын маршын дагы жазгам. Бирок, акыркы эки жылда негедир милиция кызматкерлери менин ишеничимди, менин эле эмес элдин ишеничин актай албай калды көрүнөт. “Менин милициям мени коргойбу же мени кордойбу” деген эки анжы ойдо турам.
2017-жылы үйүмө 5 жолу ууру кирди. Ал эми жаңырган жылдын бешинчи эле күнүндө алтынчы ирет кирди. Ошону менен милиция кызматкерлерине 6 жолу кайрылдым. Издешти, таба алышпады. Бирөөсүндө телефон уурдаган экен өзүм таап, кармап барып бердим. Калган беш кылмыштын бети ачыла элек. Үйдүн ичи-сыртына коюлган видеобайкоодо кылмышкердин жүзү ачык көрүнүп турат. Кыргыз милициясына ишенип, табылар, кармап жазага тартаар деген ишенич менен күтүп келдим. Акыры кооптуу жагдай жаралганда аргасыз айгай салууга мажбур болуп отурам. 2018-жылдын 5-декабрында кирген ууру үйдөгү баалуу буюмдарды (телевизор, шуба, чаң соргуч ж.б. тиричилик техникалар) алып кетиптир. Анысы аз келгендей жеке мага таандык травматикалык пистолетти сейфи менен кошо көтөрүп кеткен. Алигүнчө белгисиз. Ал ууру учурда эмне кылып жүрөт, кандай кылмышка барды ким билет. Мени түйшөлткөнү, бушайман кылганы ушул. Эскерте кетчү жагдай, ушул эле айылда 20дан ашык үйгө ууру кирген. Бул кылмышка анын тиешеси жок деп ким кепилдик бере алат?!... “,-деп жазат Айбек Каримов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!