​Самара катышкан “Илегилек” драмасы коюлду

​Самара катышкан “Илегилек” драмасы коюлду
16-Фев. 2018, Жума, 16:52

15-16-февралда Оштогу Султан Ибраимов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында драматург, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин калемине таандык “Илегилек” драмасы коюлду. Бул тууралуу Султан Раев “Фейсфуктагы” баракчасынан билдирди.

“Кечээ, Ош улуттук драма театрында аншлаг менен "Илегилек" спектакли өттү. Спектаклдин автору - режиссер -коюучусу катары менин командамдагы сүрөтчү-коюучу Бакыт Тилекматовго, бардык сахналык кызматкерлерге, Ош улуттук драма театрынын жамаатына ыраазылык билдирем. Албетте, башкы ролду ойногон Самара Каримова өзгөчө спектаклдин ачылышы болду. Артист Солтобай Кулбаев жогорку деңгээлде ойноду. Спектаклди көрөм деген адамдардын баары көрдү”,-деди Султан Раев.

Белгилей кетсек, “Илегилек” спектакли улуу муун менен жаш муундун көз караштары, баалуулуктарынын кагылышы тууралуу баяндайт. Буга чейин бул драмада башкы каармандын ролун КРнын эл артисти Жамал Сейдакматова ойногон эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!