Вера Глаголевага арналган таасирдүү видео

Вера Глаголевага арналган таасирдүү видео
19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:07

Ушундан жарым жыл мурун каза болгон россиялык актриса Вера Глаголеванын кызы Анна Нахапетова өзүнүн “Instagram” баракчасына энесине арналган өтө таасирдүү видеону жарыялады.

Видеого ал: «Жок, убакыт дарылабайт. Ал болгону оору менен өмүр сүрүүнү үйрөтөт жана ушул оору биздин бир бөлүгүбүзгө айланды... Жарым жыл», – деген жазуу калтырган.

Социалдык тармактын колдонучулары кызы менен туугандарына көңүл айтышууда. Ошону менен бирге, алар Вера Глаголеванын өтө мыкты актриса экендигин билдиришип, өз пикирлерин калтырышууда.

Эскерте кетсек, Вера Глаголева 2017-жылы 16-августа онкологиялык оорунун кесепетинен Германиядагы клиникалардын биринде көз жумган.

Ал өзүнүн чыгармачылык жолунда 50 чакты фильмге тартылган ("Не стреляйте в белых лебедей", "Торпедоносцы", "Выйти замуж за капитана", "Воскресный папа", "Сошедшие с небес", "Женщин обижать не рекомендуется" жана башкалар). Ошондой эле, ал режиссер катары да 6 фильм тарткан, сценарий жазган жана продюсер болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!