Аскат Осмонов-Кыргызстандын эң келбеттүү мырзасы

Аскат Осмонов-Кыргызстандын эң келбеттүү мырзасы
19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 18:23

Жыл сайын Кыргызстанда өткөрүлүп келген келишимдүү мырзалар арасындагы "Mister universal ambassador Kyrgyzstan" сынагы жыйынтыкталды. Анда баш байгени Бишкектеги № 74 мектептин лицейинин 11-классынын окуучусу Аскат Осмонов жеңип алды.

Аскатка Балиде өтүүчү Эл аралык “Mister Universal Ambassador 2018” конкурсуна Кыргызстандын атынан катышууга жолдомо берилди.

Сынакта улуттук өзгөчөлүк, мода көрсөтүү, классикалык, дизайнерлик өзгөчө кийимдер жана кече кийимдерин көрсөтүү боюнча болду.

Эске салсак, өткөн жылы “Mister universal ambassador Kyrgyzstan” наамын Азиз Юсупов алган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!