Ырчылардын клибине чектөөлөр киргизилди

Ырчылардын клибине чектөөлөр киргизилди
19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 18:29

Өзбекстанда эстрада ырчыларынын ашыкча бийлеп клип тартуусуна тыюу салынды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, мындан ары ырчылар өздөрүнүн клибине төмөнкүдөй чектөөлөр киргизилди.

Татуировка жана ачык кийимдер менен клип тартууга, терроризм, ичимдик ичип, наркотикалык каражатты пропагандалоого, компаниялардын продукцияларын жашыруун жарнамалоого, өзбек президентинин жана мамлекеттик тууну гербдин сүрөттөрүн колдонууга, ырчы аялдардын ашкери кыймыл аракети менен бийлеп, клип тартууга тыюу салынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!