​Дилшат Кангелдиева кийимдер коллекциясын алып чыгат

​Дилшат Кангелдиева кийимдер коллекциясын алып чыгат
19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 18:58

КРнын Эмгек сиңирген артисти Дилшат Кангелдиева ырчылыктан тышкары дизайнерлик кесипти дагы аркалап жаткан учуру бул тууралуу ырчы Zaman.kgге билдирди.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү кече көйнөктөрүнүн коллекциясын эл алдына алып чыгат.

«Акыркы учурда көйнөктөрүмдү да кооздоп калам. Келинимдин кесиби дизайнер-конструктор болгондуктан мен ага идеяларымды айттым. Айымдардын азыркы кийимдерин чыгарууда экөөбүздүн оюбуз бир чыкты. Жакында алгачкы коллекциябызды эл алдына алып чыгабыз», - деди Дилшат Кангелдиева.

Эскерте кетсек, буга чейин ырчы айымдар үчүн кечеге кийе турган көйнөктөрүн бейтааныш адамдар унаасынан уурдап кетишкен. Бирок, алар табылган эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!