Фахрие Эвджен кош бойлуубу?

Фахрие Эвджен кош бойлуубу?
20-Фев. 2018, Шейшемби, 09:59

Туркиянын ММКлары билдиргендей жакында жылдыздуу жуп Фахрие Эвджен жана Бурак Озчивит балалуу болушат.

Эвджен кош бойлуу болгондугу тууралуу маалыматтар түрк басылмаларында пайда болгон. Бул актрисанын жаңы жылдан кийин эч бир проекте катышпай тургандыгы тууралуу маалыматтан улам жаралган. Ал эми бул тууралуу маалыматтар эки жаштын соода борборлорунун биринде жүргөн кездеги тартылып алган сүрөттө Фахриенин бир аз салмак кошконун байкоого болот.

Бирок Эвджен кош бойлуулугу тууралуу ушактарды четке кагууда. «Жок, мен кош бойлуу эмесмин. Кудай буюрса эң жакшы учурда мен эне болом »,- дейт ал өз сөзүндө.

«Сүйүшкөндөр күнү Бурак экөөбүз үчүн өзгөчө күн эмес, биз үчүн ар бир күн 14-февраль», - дейт актриса.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!