Назаренко менен Жылдыз Осмоналиева дуэт жаздырышты

Назаренко менен Жылдыз Осмоналиева дуэт жаздырышты
20-Фев. 2018, Шейшемби, 11:11

Россиянын жаркын жылдызы, атактуу «Город 312» тобунун солисти, биздин мекендешибиз Светлана Назаренко (Ая), КРнын Эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиева менен биргеликте “Дарак ыры” деп аталган алгачкы кыргыз мюзиклине жаңы саундрек жаздырышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова Zaman.kgге билдирди.

«Ырды жаздыруу жана клипти тартуу иштери Игорь Матвиенконун Москвадагы студиясында жүргүзүлдү. Бир нече күндөн кийин саундтрек кыргыз көрөрмандарына тартууланат. 28-февралда “Манас” кинотеатрында өтүүчү “Дарак ыры” тасмасынын бет ачарына Светлана Назаренко жана Жылдыз Осмоналиева Москва шаарынан учуп келишет. Ырда Назаренко кыргыз тилинде ырдамакчы»,-деди Зоотбекова.

Белгилей кетсек, “Дарак ыры” тасмасы алгачкы кыргыз киномюзикл. Фильм кыргызстандык “Централ Азия Фильм” жана россиялык “Синетрейн” компаниялары менен биргеликте тартылды. Сценарийдин автору жана режиссеру Айбек Дайырбеков. Тасма 1-марттан тарта көрүүчүлөргө тартууланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!