​Анжелика Бекболиева жолдошу менен ажырашмай болду

​Анжелика Бекболиева жолдошу менен ажырашмай болду
26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 18:16

Ырчы Анжелика Бекболиеванын жолдошу Урмат Бекболиев менен ажырашуу боюнча жазган арызынын негизиндеги соттук отурум 6-мартта белгиленди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ырчынын ажырашуу тууралуу жазган арызы Биринчи Май райондук соту тарабынан 6-март күнү каралмакчы.

Эске салсак, ырчы ажырашуу тууралуу арызын буга чейин 2017-жылдын 20-декабрына жазып, соттук отурумга жолдошу келбей койгону кабарланган.

Маалым болгондой, Анжелика Бекболиева жолдошу Урмат Бекболиев менен 10 жылдан бери чогуу түтүн булатышып, 3 кыздуу болушкан. Ырчы акыркы 11 айдан бери кыздары менен чогуу жашап жатканын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!