​Светлана Назаренко кыргыз тилинде ырдап чыкты (видео)

​Светлана Назаренко кыргыз тилинде ырдап чыкты (видео)
26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 18:25

Россиянын жаркын жылдызы, атактуу «Город 312» тобунун солисти, биздин мекендешибиз Светлана Назаренко менен КРнын Эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиеванын “Дарак ыры” деп аталган алгачкы кыргыз мюзиклине арналган жаңы саундреги жарык көрдү.

Эртең, 28-февралда “Манас” кинотеатрында өтүүчү “Дарак ыры” тасмасынын бет ачаарына Светлана Назаренко жана Жылдыз Осмоналиева дагы катышмакчы. Ырды Назаренко кыргыз тилинде аткарган.

Белгилей кетсек, “Дарак ыры” тасмасы алгачкы кыргыз киномюзикли болуп эсептелет. Тасма 1-марттан тарта көрүүчүлөргө тартууланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!