Жоодарбешимди келинчеги Оксана кош бойлуу

Жоодарбешимди келинчеги Оксана кош бойлуу
27-Фев. 2018, Шейшемби, 18:11

Эстрада ырчысы Жоодарбешим келинчеги Оксана кош бойлуу экенин соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

Сүйүнүчтүү кабары менен бөлүшкөн ырчы, наристенин аман-эсен жарыкка келишин Кудайдан тилеп, төмөнкүдөй билдирүү калтырган.

“Бул кичинекей периште менин орун басарым, артымда калар туягым, бар бакытым кол жетпеген, кээ бирөөлөр үчүн бул кабар жагымсыз болсо, менин чыныгы угармандарым досторум үчүн күтүлгөн кабар деп билем. Ошондуктан, кубанычымды бөлүшүүнү туура көрдүм. Айыпка буйрубайсыздар деген үмүттөмүн. Үмүтсүз пенде шайтан дегендей, ымыркайыма чоң үмүттөрүмдү артып ниет кылдым! Качандыр бир убакта бой жетип, Ата журттун желегине көө, так, түшүрбөгөн инсан болсун деп. Аллахым амандыгын берсе кыргызыма дагы бир баш кошулат. Ак батаңыздарды берип койосуздар деп ойлойм”,-деди Жоодарбешим.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!