Павел Дуров доллар миллиардери болду

Павел Дуров доллар миллиардери болду
28-Фев. 2018, Шаршемби, 09:38

“Forbes”тун маалыматы боюнча, “Telegram” тиркемесинин негиздөөчүсү Павел Дуровдун байлыгы кем дегенде 1,7 миллиард долларды түзөт.

“Forbes”тун тизмегине Павел Дуров биринчи жолу 2016-жылы аперль айында кирген. Анда анын байлыгын 600 млн долларга баалашкан.

"”Telegram”дын баасы 1 миллиард доллардан ашат жана анын негиздөөчүсү Павел Дуров доллар миллиардерлеринин бири. “Forbes”тун баасы боюнча, анын байлыгы 1,7 миллиард доллардан ашат", - деп жазат басылма.

Эскерте кетсек, “Telegram” тиркемеси 2013-жылы жарыкка чыккан. Дуров аны 5 млрд. долларга сатуудан баш тарткан. Ал эми январда “Telegram” “ICO”га даярдык жүргүзүп жаткандыгы белгилүү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!