Кайрат Нуртас төрт баласы менен бирге концерт берет

Кайрат Нуртас төрт баласы менен бирге концерт берет
5-Март 2018, Дүйшөмбү, 11:46

Былтыр он жыл бою жашырып жургөн жубайын чоң сахнага алып чыккан Кайрат Нуртас эми балдарын көрсөтөт. Алау, Сезим, Нарул жана Хан аттуу төрт баласын Астанада бере турган коцерттик кечеде алып чыгат. Бул тууралуу ырчынын энеси желедеги баракчасына жазды. Ошону менен бирге ырчы афишага дагы үй-бүлөсү менен бирге түшкөн.

«Ардактуу окурмандар! Баардык эненин кыялы бактылуу үй-бүлө, балдар, неберелер болуп уланат тура. Алардын кыялдарынын орундалышына, ар бир чыккан белестер менен ийгиликтерине күбө болуу менен катар, кубанычтары менен бөлүшү ата-эненин башкы кыялы эмеспи? Андай болсо, сүйүктүү күйөрмандарга дагы бир белесибизди көрсөтүү үчүн үй-бүлөлүк өзгөчө концертибизди берүүгө ашыгуудабыз!»-дейт Гүлзира Айдарбекова.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!