​Апаз Жайнаковдун көзү тирүү болгондо 58 жашка чыкмак

​Апаз Жайнаковдун көзү тирүү болгондо 58 жашка чыкмак
6-Март 2018, Шейшемби, 21:47

Белгилүү обончу, КРнын Эл артисти, кайталангыс талант Апаз Жайнаковдун көзү тирүү болгондо бүгүн, 6-мартта 58 жашка толмок. Ырчынын туулган күнүнө карата Баткен шаарында эскерүү кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу обончунун уулу Максат Жайнаков Zaman.kgге билдирди.

“Атамдын көзү өткөнүнө октябрь айында беш жыл болот экен. 2015-жылы 31-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда 55 жылдык эскерүү кечесин өткөргөнбүз. Негизи жылда 6-март атамдын туулган күнүнө карата эскерүү кечесин уюштуруп турабыз. Быйыл дагы Баткен шаарында эскерүү кечесин өткөрдүк. Ага атамдын сахналаш достору, замандаштары катышып атамдын ырларын аткарып, эскеришти. Кудайым буюрса эки жылдан кийин 60 жылдык эскерүү кечесин жогорку деңгеелде өткөрөлү деп азыртан даярдыктар көрүлүп жатат”,-деди Максат Жайнаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!