Витас үйүнөн тапанчадан ок чыгарып элди чуулатты

Витас үйүнөн тапанчадан ок чыгарып элди чуулатты
22-Март 2018, Бейшемби, 16:37

Россиялык ырчы Витасы Барвихтеги үйүнүн жанында тапанчадан ок атты. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги билдирет.

Россиялык ММКлар кабарлагандай, бүгүн Виталий Грачев, тагыраагы ырчы Витас шаардын сыртындагы үйүнүн жанында тапанчадан ок аткан. Полиция бөлүмчөсүндө ырчы суракка алынды.

Ошентсе да ырчы аткан кезде мас болгон-болбогону белгисиз.

Ошол эле учурда Москва облусу боюнча “ІІД” маалымат булагы Одинцов аймагында тапанчанын атылган добушу чыкканын тастыктады.

«Одинцово аймагында тапанчадан ок атылуу фактысы боюнча 1979-жылы дүйнөгө келген эркек киши катыштуу текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Текшерүү натыйжасы боюнча процессуалдык чечим кабылданмакчы», – дейт “ІІД” маалымат булагынын маалымдамасында.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!