​“Стайл микс” тобунун ырчылары уулдуу болду

​“Стайл микс” тобунун ырчылары уулдуу болду
23-Март 2018, Жума, 22:52

Бүгүн, 23-мартта "Стайл микс" тобунун ырчылары Адилет Эркинбек уулу менен жубайы Илима Дүйшөналиева уулдуу болушту. Бул тууралуу Адилет Эркинбек уулу соцтармактагы күйөрмандарына билдирди.

Анын айтымында, учурда эне-баланын абалы туруктуу. Соцтармактын колдонуучулары ымыркайга узак өмүр каалашып, бир катар куттуктоолорду жазышууда.

Эскерте кетсек, Адилет Эркинбек менен Илима Дүйшөналиева бир топто чогуу ырдашып, былтыр баш кошушкан. Эки жаштын өкүл атасы КРнын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!