​ Атактуу футболчу абакта жараланды

​ Атактуу футболчу абакта жараланды
31-Март 2018, Ишемби, 11:40

Аргентина лигасынын алдыңкы футбол клубдарынын бири "Бока Хуниорс" оюнчусу Карлос Тевес абактагылар менен футбол ойноп, катуу жарат алды. Бул тууралуу аргентинанын “Clarin” гезити жазып чыккан. Маалыматка ылайык атактуу футболчуөткөн жуманын аягында 2010-жылы эркинен ажыраган бир тууганын көрүүгө барган. Ал жерден абактагылар менен 20 мүнөт футбол ойногон жана беттешүү катуу болгондугу айтылууда. Эми бутунан жарат алган Карлос Тевес Аргентина чемпиондугуна жана “Либертадорес” кубогуна катыша албайт. Учурда "Бока Хуниорс"футбол клубу улуттук биринчиликте келаткан болчу.

Тевес Аргентина чемпиондугуна көптөгөн чет өлкөлүк клубдарда ойноп жүрүп келген. Айрыкча “Манчестер Юнайтед”, “Ювентус” жана “Манчестер Сити” футбол клубдарында элдин эсинен кеткис издер калтырган. Ал кытайлардын клубунда дүйнөнүн эң кымбат футболчусу болгон. Диего Марадона болсо Карлос Тевести “ Аргентинанын XXI кылымдагы тарыхый инсаны” деп атаган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!