​Чемпиондор лигасынын чейрек финалы башталды

​Чемпиондор лигасынын чейрек финалы башталды
3-Апр. 2018, Шейшемби, 02:44

Европанын футбол асссоциациялары бирлигинин(УЕФА) Чемпиондор лигасынын 1/4 финалы башталды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты жазып чыкты. Бүгүн чейрек финал мачтарында "Ювентус” (Италия) – “Реал"(Испания) командалары беттешет. Аны түркиялык калыс Чунет Чакир жүргүзөт.

Ал эми “Севилья” (Испания) – “Бавария” (Германия) командаларынын беттешүүсүниталиялык Даниэль Орсато жетектеген калыстар тобу кызмат кылат.

Эртең 4-апрелде боло турган «Ливерпуль» - «Манчестер Сити» беттешүүсүн немис Феликс Брых калыстык кылат. Ал эми «Барселона» (Испания) - «Рома» (Италия) мачттарын голландиялык Данни Маккели калыстык кылмакчы.

Ушул эле командалардын жооптуу беттештери 10-11-апрель күндөрү "Ювентус-Арена" стадионунда өтөт.

Эске сала кетсек, Чемпиондор лигасынын финалдык оюну 26-майда Киев шаарында «Олимпийский» стадионунда өткөрүлөт. Өткөн жылы Чемпиондор лигасын "Реал Мадрид" утуп алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!