​Эки бутсуз кайрадан жарышка чыкты

​Эки бутсуз кайрадан жарышка чыкты
3-Апр. 2018, Шейшемби, 10:55

Британиянын «Формулы-3» жаңы сезонунда жарышчы Билли Монгер үчүнчү орунду камсыз кылды. Бир жыл мурун 17 жаштагы Билли Монгер «Формуле-4» жарышында кырсыкка кабылып, эки бутунан ажыраган.

Жол кырсыгынан бир жыл өтүп, спортчу кайрадан эки бутунун жоктугуна карабай ишемби күнү жарышка катышты. «Формулы-3» жаңы сезонунун биринчи жарышында Билли Монгер үчүнчү орунга татыктуу болду.

Жарыш алдында маек курган Билли Монгер “Менин рулдагы сезимим мурдагыдай эле. Болгону башкаруу аракеттерим өзгөрдү. Азыр айдоодо башка органдарымды колдоном. Бирок менин стилим жана ылдамдыгым мурдагы бойдон калды” деди

Билли “Формула -4” экинчи сезонунда жалпы эсеп боюнча алтынчы орунда турат. Соңку 5 жарышта эки жолу жеишке жетишкен. 2015-жылы “Ginetta Junior” чемпионатында бешинчи позицияны ээлеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!