​Хабиб Нурмагомедов: Фергюсон, эми тилиңди тарт!

​Хабиб Нурмагомедов: Фергюсон, эми тилиңди тарт!
3-Апр. 2018, Шейшемби, 14:13

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов америкалык Тони Фергюсон менен беттешүүсү төртүнчү ирет болбой калды.

Фергюсон 7-апрелде боло турганмелдешке 5 күн калганда бутунан жарат алгандыгын жана ринге чыга албастыгын айтып, баарынан кечирим сураган.

Муну уккан Хабиб Нурмагомедов адегенде 1-апрель тамаша катары кабыл алган кийин чындыгына ынангандан кийин өз пикирин билдирди.

Атактуу мушкер инстаграм баракчасына “ Бул абалда эмне демекчимин Тони: мындан кийин тилиңди тый, башка эч нерсе дебейм. Мындан кийин бул сагаабайлап сүйлөөрүңө сабак болот” деди

Эсиңиздерге сала кетсек, россиялык мушкер менен америкалык Тони Фергюсондун ортосунда 3 жолу беттешүү белгиленип, бирок кийинкиге жылдырылган. 2017-жылы 5-мартта белгиленген беттешүү Хабиб Нурмагомедов жарат алганына байланыштуу болбой калган. Экинчи жолу Тони Фергюсондун саламаттыгынан улам кийинкиге жылдырылган.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири, 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 25 мушташта 25 жеңүү менен жыйынталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!