​Чемпиондор лигасы: Аптанын мыкты футболчусу ким?

​Чемпиондор лигасы: Аптанын мыкты футболчусу ким?
6-Апр. 2018, Жума, 02:53

Чемпиондор лигасы: Аптанын мыкты футболчусу ким?

МИРБЕК КУМАКОВ

6-Апр. 2018, Жума

Европанын футбол асссоциациялары бирлиги (УЕФА) Чемпиондор лигасынын 1/4 финалынын алгачкы беттешүүлөрүндөгү аптанын мыкты футболчусу талапкерлерин атады.

“Sport.ru” сайты жуманын эң мыкты футболчусу наамына төрт оюнчу талапкер катары көрсөтүлгөндүгүн жазып чыкты. Ал тизмеге "Ливерпулдун" жарым коргоочусу Мохамед Салах, “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду, "Барселона" коргоочусу Жерар Пике жана "Бавариянын " оюнчу Хамес Родригес кирди. Бул тизмедегилер добуш берүүнун жыйынтыгы боюнча аныкталат.

Ал эми Чемпиондор лигасынын 1/4 финалынын жооптуу беттештери 10-11-апрель күндөрү "Ювентус-Арена" стадионунда өтөт.

Эске сала кетсек, Чемпиондор лигасынын финалдык оюну 26-майда Киев шаарында «Олимпийский» стадионунда өткөрүлөт. Өткөн жылы Чемпиондор лигасын "Реал Мадрид" утуп алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!