​Хабиб: Айнек сындырбай эркекче каршыма чык!

​Хабиб: Айнек сындырбай эркекче каршыма чык!
6-Апр. 2018, Жума, 14:31

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов ирландиялыкчемпиону Конор Макрегор Нью-Йорк шаарынын борборунда бараткан UFCнын мушкерлеринин автобусуна кол салуусу тууралуу өз пикирин билдирди.

Хабиб Нурмагомедов “ Мен күлкүм келип жатат. Мунун эмне кереги бар эле. Эгер андай дөө-шаа болсоң, автобуска кирип келбейт белең? Сүйлөшкүң келеби, бир жерди айтсаң, барат элем да...” деп Твиттер баракчасына жазган.

Учурда ирландиялык чемпион Конор Макрегор кармалдыгы тууралуу маалыматтар таркады. Ага полицияга өз каалоосу менен келгендигине байланыштуу эч кандай айып тагыла элек.

Эсиңиздерге сала кетсек UFCнын мурдагыирландиялыкчемпиону Конор Макрегор Нью-Йорк шаарынын борборунда бараткан UFCнын мушкерлеринин автобусуна кол салган. Ирландиялык мушкер темир тосмолорду алып жана аларды автобусту көздөй ыргыткан. Аны коопсуздуккүчтөрү токтотушкан. Дагы бири стол менен терезени чагып жиберген. Андан америкалык Майкл Кьез жабыркаганы айтылууда. Окуя болгон жерге ыкчам полиция чакырылган.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири, 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 25 мушташта 25 жеңүү менен жыйынталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!