​Хабиб Нурмагомедовдун канча аялы бар?

​Хабиб Нурмагомедовдун канча аялы бар?
13-Апр. 2018, Жума, 13:37

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго бир канча аял алууга болот. Бул тууралуу 27 чемпионду тарбиялаган мушкердин атасы Абдулманап Нурмагомедов билдирди. «Спорт-Экспресс» басылмасына маек курган Абдулманап “Биздин динибиз төрт аял алууга уруксат берет” деди

– Хабиб да ошентсе болобу?

– Эмнеге болбосун?

– Балким, эчак эле ойлонуп койгон?

– Менин атамдын деле эки аялы бар. Бул нормалдуу эле көрүнүш. Балким Москвада таң калыштуу. Ал эми Ингушетия, Чеченстан же Дагестанда адаттагы эле нерсе” деп айтты мушкердин атасы Абдулманап Нурмагомедов.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC 223 турниринде жеңил салмактагылар арасындагы америкалык Эла Яквинта менен 8-апрелде ринге чыгып, чемпион болду. Хабиб Орусиянын UFС боюнча алгачкы чемпиондук титулуна татыды.

29 жаштагы Хабиб Нурмагомедов спорттук карьерасында 26 беттеш өткөрүп, баарында тең жеңип чыккан. Атаандашы Яквинта 13 беттеш өткөргөн, төрт жолу утулуп, бир ирет тең чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!