Жаңы спорт жылдызы жанды

Жаңы спорт жылдызы жанды
16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 03:01

Орусиянын жаңы спорт жылдызы Дина Аверина Италияда дүйнөнүн көркөм гимнастика боюнча кубогунда алтын медалга татыктуу болду. 19 жаштагы спортчу топ жана лента менен эң мыкты көнүгүүлөрдү жасады. Мындан тышкары шакекче менен дагы өзгөчө көнүгүүлөрдү жасап күмүш медал тагынды.

Орусиянын көркөм гимнастика боюнча жаңы жылдызы Дина Аверина 75,100 упай менен алтын медал, болгариялык Катрин Тасева 69,850 упай топтоп күмүш, ал эми израилдик спортчу ЛинаАшрам 69,400 упай менен коло медалга татыктуу болду.

1. Дина Аверина (Россия) – 75,100.

2. Катрин Тасева (Болгария) – 69,850.

3. Линой Ашрам (Израиль) – 69,400.

4. Арина Аверина (Россия) – 68,450.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!