Олимпиада-2018: Пара алгандар аныкталууда

Олимпиада-2018: Пара алгандар аныкталууда
16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 11:57

Эл аралык олимпиада комитетинин (МОК) 27 мүчөсү Түштүк Кореянын XXIII кышкы Олимпиада үчүн пара алгандыгы айтылууда. Бул тууралуу gazeta.ru жазып чыкты. Маалыматка ылайык Эл аралык олимпиада комитетинин(МОК) 27 мүчөсү, алардын ичинен 12 Африканын өкүлдөрү Түштүк Кореядагы ири бизнес чөйрөсү менен көмүскө келишим түзгөндүгү аныкталды. Алар Пхенчхан шаарындаXXIII кышкы Олимпиада өтүүсүнө добуштарын колдонуп, ири демөөрчүлүк келишимдерге жана башка материалдык байлыктар алышкандыгы айтылууда.

Добуш берүү Эл аралык олимпиада комитетинин (МОК) 123-сессиясында 2013-жылы 6-июлда жүргүзүлгөн. Анда Түштүк Кореянын Пхенчхан шаары биринчи айланпада эле 63 мүчөсүнүн колдоосу менен өтүп кеткен. Экинчи орунду неместердин Мюнхен шаары (25)жана француздардын Анси (7) шаары үчүнчү орунду алган.

Олимпиада борборун тандоого чайкоочулук Түштүк Кореянын мурдагы президенти Ли Мен Бактын коррупция иштерин текшерүү учурунда ортого чыккан. Анда Түштүк Кореянын эң ири корпорациялары Эл аралык олимпиада комитетине(МОК) демөөрчүлүк кылып келген фактылары аныкталып, учурда териштирүү иш-чаралары жүрүп жатат.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин болуп өттү. Ага дүйнөнүн 90 өлкөсүнүн 2 900 спортчу катышты. Мелдештер 18 күнгө созулуп, спорттун 15 түрү боюнча жалпысынан 102 медаль ойнотулду. Алар биатлон, бобслей, тоо лыжасы, лыжа жарышы, лыжа кош таймашы, лыжа фристайлы, керлинг, коньки жарышы, трамплинден секирүү, скелетон, сноуборд, чана спортту, көркөм муз тебүү, хоккей, шорт-трек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!