Ибрагимович: “Дүйнө чемпионаты менсиз болбойт”

Ибрагимович: “Дүйнө чемпионаты менсиз болбойт”
18-Апр. 2018, Шаршемби, 15:47

"Лос-Анджелес Гэлакси" футбол клубунун чабуулчусу Златан Ибрагимович Орусияда өтө турган дүйнөлүк футбол чемионатына катыша тургандыгын жар салды. Бул тууралуу “Eurosport” сайты жазууда. Бирок, атактуу футболчу чемпионатка кайсы сыпатта катыша тургандыгын айткан жок.

Швециялык легендарлуу футболчу “Ооба, мен дүйнө чемпионатына барам. Футбол ойноймунбу же жокпу? Азырынча чемпионатка бара тургандыгымы гана билдире алам. Андан ашыгын айтсам, мени асып коюшат. Сөздөрүмдү абайлап айтайын. Дүйнөлүк чемпионат – менсиз чемпионат болмок беле?” деп жооп берди.

Бир жума мурун ФИФА Златан Ибрагимовичке Швеция курама командасы менен Орусияда өтө турган футбол чемпионатына катышуусуна тыюу салган. Мындай чечим кабыл алууга 36 жаштагы швециялык футболчунун бир букмердик компания менен келишими себепчи болгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, 22-мартта Златан Ибрагимович «Манчестер Юнайтед» клубу менен коштошуп, «Лос-Анджелес Гэлакси» клубуна өткөн. Атактуу футболчу «Манчестер Юнайтед» клубунда эки сезон ойноду. Бул учурда футболчу үч чоң жеңишке жетишти. Алар Англия лигасынын кубогу, Англиянын супер кубогу жана Европа лигасын жеңип алышкан. Премьер-лиганын 33 беттешүүсүндө 17 гол киргизип, 5 натыйжалуу шарт түзүп берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!