Шарапова Бирмингемдеги мелдешке катышат.

Шарапова Бирмингемдеги мелдешке катышат.
19-Апр. 2018, Бейшемби, 02:20

Орусиялык белгилүү спортчу, дүйнөнүн мурдагы биринчи теннисчиси Мария Шарапова 18-июндан 24-июнга чейин Бирмингемдеги өтүүчү WTA мелдешине катышат. Бул тууралуу Аялдардын теннис ассоциациясынын (WTA) расмий сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык мелдешке Гарбинье Мугуруса, Наоми Осака, Петра Квитова, Джоанна Конта жана башка аялдар теннисинин жылдыздары катышат.

Мария Шарапова “Мен кайрадан Бирмингемдегимелдешке келгениме кубанычтамын. Мен бул жолго оңой келбедим. Эстен кеткис эскерүүлөрүм бар” деди.

Эсиңерге сала кетсек, "Чоң шлемди" беш жолу жеңип, кезинде дүйнөнүн биринчи теннисчиси болгон Шарапова былтыр Австралия ачык чемпионатынан кийин допинг колдонулгандыгы белгиленген. Спорттук арбитраж соту Шарапованы эки жылга теннистен четтетип, кийин аны 15 айга кыскарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!