​Тони Фергюсон: “Жаратым болбосо, Хабибти ыйлатмакмын”

​Тони Фергюсон: “Жаратым болбосо, Хабибти ыйлатмакмын”
19-Апр. 2018, Бейшемби, 14:00

Жеңил салмактыгы америкалык мушкер Тони Фергюсон орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовду өтө олуттуу каршылашы катарында көрөт. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык “кагаз чемпионсуң” деген америкалык мушкер Тони Фергюсон мындай деген: “Хабиб, сенин фанаттарың ушунчалык тарбиясыз. Менин жарат алып, ринге чыкпаганым сага жакшы болду. Болбосо, сени ышкыбоздоруң, атаңды кошуп үчүнчү раунтта ыйлатат элем. Сен кагаздагы чемпионсуң” деди.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов америкалык Тони Фергюсон менен беттешүүсү төртүнчү ирет болбой калган болчу.

Эсиңиздерге сала кетсек, россиялык мушкер менен америкалык Тони Фергюсондун ортосунда 3 жолу беттешүү белгиленип, бирок кийинкиге жылдырылган. 2017-жылы 5-мартта белгиленген беттешүү Хабиб Нурмагомедов жарат алганына байланыштуу болбой калган. Экинчи жолу Тони Фергюсондун саламаттыгынан улам кийинкиге жылдырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!