​“Барселона” Испаниянын улуттук Кубогун жеңип алды

​“Барселона” Испаниянын улуттук Кубогун жеңип алды
23-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 01:30

«Барселона» 30-жолу Испаниянын улуттук Кубогун жеңип алды. Каталониялык “Барселона” футбол командасы ишемби күнү Испания кубогунун финалдык беттешүүсүндө “Севилью” командасын 5:0 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Каталониялык “Барселона” футбол командасынын жеңишин Луис Суарес (14-40-мүнөттө), Лионель Месси (31чи), Андреас Иньеста (52чи) жана Филипп Коутиньо ( пенальти, 69-мүнөттө) камсыз кылышты.

Ал эми “Барселона” футбол командасынын мындай ийгилиги акыркы 85 жылдан бери боло элек эле. Ал 1930-1933-жалдардагы “Атлетика” убактысынан бери башталат. Быйылкы биринчилик жадыбалына караганда “Барселона” 83 упай менен алдыга чыкса, экинчи орунда 71 упай менен мадриддик “Атлетико”, үчүнчү кезекте 68 упай менен “Реал” келатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!