УЕФА "Панатинаикос" футбол клубун 3 жылга четтети

УЕФА
27-Апр. 2018, Жума, 03:08

УЕФА гректердин атактуу "Панатинаикос" футбол клубун Европа клубдарына катышууга 3 жылга тыюу салды. Бул тууралуу УЕФАнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык спорт уюму каржы эрежесин бузгандыгы, тагыраак айтканда өз милдеттемелерин аткарбагандыгы үчүн 3 жылга четтетилди. Мындай чечимди Европанын футбол асссоциациялары бирлигинин (УЕФА) Арбитраждык палатасы кабыл алган. Мындан тышкары Грециянын 20 жолку чемпиону 200 миң евро айыппул салынды.

"Панатинаикос" футбол клубу мындай жаза албашы үчүн 1-мартка чейин бардык милдеттүү төлөмдөрүн төлөшү керек болчу. Былтыркы сезондо футбол клубу өлкөдө үчүнчү орунга илинген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!