​Бир колсуз мушкер ринге чыгат (видео)

​Бир колсуз мушкер ринге чыгат (видео)
27-Апр. 2018, Жума, 12:46

Бир колсуз америкалык мушкер Ник Ньюэлл кайрадан UFC аркылуу ринге чыгат. Мындай мүмкүнчүлүктү UFC жетекчиси Дэйн Уайт сунуштаганын "Сhampionat" сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык бир колдуу мушкер “Tuesday Night Contender Series” шоусунун экинчи сезонуна катышат жана бул UFC менен толук кандуу келишим түзүүгө жол ачат.

“-Мен Дэйн Уайт жана башкаларга, мага ишеним арткандары үчүн ыраазычылык билдирем. Ошондуктан кайрадан ринге чыгып, өзүмдү көргөзүүм керек. Мага ушундай мүмкүнчүлүк берилгендигине ыраазымын” деди мушкер.

“Tuesday Night Contender Series” - бул UFC Fightpass медиасервиси жума сайын акылуу уюштурган шоу болуп саналат. Бул мелдеште жеңгендерге UFC менен келишим түзүүгө жол ачылат. Мелдештер UFCнын Лас-Вегастагы машыктыруучу базасында өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!