Анжелика Варум "Зимняя вишня" ырынан баш тартты

Анжелика Варум
28-Апр. 2018, Ишемби, 09:58

Орусиянын ырчысы Анжелика Варум “Зимняя вишня” ырынан баш тартты. Орусиялык басылмалардын жазып чыкканында, ырчы аталган ырды өз репертуарынан алып салды.

Айтмакчы, ырчы Кемероводогу соода борборундагы болгон өрттөн кийин бул чечимге келген.

“Бул окуя бүткүл орус элинин кайгысы болду. Келечекте каргашалуу окуя унутулуп калган мезгилде ыр кайрадан Анжеликанын репертуарына келиши мүмкүн”,-деп, билдирген анын жолдошу Леонид Агутин.

Айта кетсек, 25-март күнү Орусиянын Кемерово шаарындагы “Зимняя вишня”соода борбору өрттөнүп, 4-кабаттуу соода борбордун жогорку кабаты өрттүн эпицентри болгону айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!